Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН КАЙТАЛАНУУЧУЛУГУ – кылмыш-жаза укугунун теориясында кылмыштардын көп түрүнүн бир түрү. К. к. бир эле адамдын кылмыш-жаза кодексинин бир эле статьясында көрсөтүлгөн кылмышты, же болбосо (айрым учурларда) анын өзгөчө бөлүгүнүн ар кайсы статьяларында каралган кылмышты 2 же андан көп ирет жасоосун билдирет. КР кылмыш-жаза мыйзамы К. к-нун 3 түрүн карайт: а) кылмыштардын бир нече жолкулугу; б) кылмыштардын айкын жыйындысы; в) кайталанган кылмыш.